"Качанкыга чейин Куралдуу күчтөр келсин деп күтүп жашайбыз?". Баткендик тургундар Коргоо министрлигинин штабын түштүккө көчүрүүнү суранды

Бүгүн, 13-январда Баткен районунун Көк-Таш айылынын тургундары Бишкекте журналисттерге маалымат жыйын өткөрүштү. Алар бул маалымат жыйынды өздөрү демилге көтөрүп, өткөрүп жатышкандыктарын айтып, андагы абалды бийлик кечиктирбей чечип берсе деген өтүнүчүн айтышты.

Көк-Таш айылынын тургуну Жоробай Байзаков Кыргыз-Тажик чек арасында улам-улам абал курчуп жаткандыгына байланыштуу Кыргыз өлкөсүнүн Куралдуу күчтөрүн жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигин Баткен облусуна көчүрүү керек деген өтүнүчтөрү бар экендигине токтолду.

"Мүмкүн болсо, Ош же Баткен облусуна Коргоо министрлиги менен ӨКМны көчүрүп беришсин. Биз ок атуулар башталганда, Куралдуу күчтөр качан келет экен деп качанкыга чейин күтүп жашайбыз? Учурда андагы тургундардын ар бир күнү, сааты коркунуч менен өтүп жатат. Ок атышуу, таш ыргытуу деген кадимки көрүнүшкө айланып бара жатат", - деди ал.

Баткендин тургундары Куралдуу күчтөрдү түштүккө көчүрүүнү суранышты
Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
Absamat-90
2020-01-13 15:16:50
Балким бул ойдун деле чындыгы бар чыгар, эгер эки тарап тен куралдуу кучторун коюп, элдин коопсуздугун камсыз кылып, тынчтык орното алса эмне учун болбосун.Экинчи жагынан эгер кичине эле чуу чыга турган болсо, куралдуу кучтор кагылышып, анда согушка айланып кетуу коркунучу болот.
+7
Alimbek1000
2020-01-13 15:59:15
Сабыр тилейм элиме!
0
Nazar76
2020-01-13 15:18:06
Туура туштуко кочуп барганы жакшы
+5
Azatbek.Svoboda.
2020-01-13 15:24:20
Ак уйду эле ошол жака кочуруш керек ошондо депутат болушту ойлонуп калышат болуш керек! Ошол жакта иштеп жашашсын ошондо курал кучторун МЧС да ошол жака барып калышат! Канттагы РФ базасында Баткенге кочурушу керек!
+12
amirrus
2020-01-13 15:29:52
эн туура маселени которупсуз азаматсыз Баткендин озуно жылдырыш керек
0
bayana1987
2020-01-13 15:46:21
МЧС ансыз деле ОШто.
+1
Jaznura
2020-01-13 15:58:54
Чек арадагы абал тынчпы? Болду да .
-7
chake
2020-01-13 16:00:10
Кантагы Орустардын авиябазасын көчүрөк жакшы болмок
+4
ZHYRGAl1412
2020-01-13 16:23:35
Куралдуу кучту тущтукко кочурсо ак уйду ким коргойт
+5
Islambek123
2020-01-13 19:22:39
Кыскасы чечилбеген маселе жок, чечсе болот,биринчиси бийликтен кучтуу патриот кадыр керек,2чи чек арачылардан,жегиликтуу калктан турган 10-15 адамды шайлап комиссия тузуп бир жыл срок берип тапшырма бирип Президент оз козомолуно алып,бир айда бир отчёт алып турса болмок деим.
+3
Azkoni
2020-01-13 21:13:34
Кочурсо туура эле болот.Себеби,туштук 3 мамлекет менен чектешет.учоо тен ар жыландын башын коргозгондор.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан