Депутат: "Кыргыз-Тажик чек арасындагы маселе боюнча ЖМКга маалымат берилет, бирок кээ бир иштер купуя бойдон калат"

Бүгүн, 3-апрелде Жогорку Кеңеште Кыргыз-Тажик чек арасындагы кырдаал боюнча маселе жабык каралууда.

SUPER.KG порталы депутат Улан Примовго кайрылып, Кыргыз-Тажик чек арасындагы абал боюнча өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев канааттандырарлык отчёт берип жатабы деп сурады.

"Чек ара боюнча бир топ маселе көтөрүлдү. Азыр танаписке чыктык. Суроо-жооп тыныгуудан кийин уланат. Өкмөт башчы Баткендеги сапары боюнча кеңири маалымат берди. Мындан тышкары вице-премьер-министр Жеңиш Разаков да Баткендеги азыркы абал жана мындан аркы кырдаал тууралуу сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын билдирди. Жыйын бүткөндөн кийин журналисттерге маалымат берилет. Бирок кээ бир иштер купуя бойдон калат. Анткени эки элдин мамилесин бузуп албоо керек", - деди Примов.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
munar1980
2019-04-03 14:25:42
Ошол купя бойдон калган сырынар убакыт откон сон билинип кийин эки эл кагылышусуна алып келип жатпайбы неге кимден коркосунар ачыгын айтып ак суйлогуло да коркпой эле менимче купя дегенинер кайсыл бир жерди берип салганга окшоп жатат ошону айта албай жатсанар керек
+2
Mamiev
2019-04-03 14:44:05
Кээ бир тажикстанга берилген жерлер купуя боюнча калат десенер. Ошол үчүн ачыкка чыгарбайсынар да. Былыгынар убакыт өтүп билине баштайт
+2
elchi84
2019-04-03 21:15:21
Жерди сатып жиберип кайра ала албай жатканынар купуябы ? Ким билет эми тынччылык эле болсун.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан