Жогорку Кеңеш Кыргыз-Тажик чек арасы боюнча маселени эртең карамай болду

Бүгүн, 18-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында төрага Дастанбек Жумабеков Кыргыз-Тажик чек арасы боюнча маселени эртең, 19-сентябрда кароону сунуштады.

Анын айтымында, премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев учурда тажик тарап менен сүйлөшүү жүргүзүлүп жатканын билдирген. "Өкмөт башчы түштөн кийин бошоп калат экен. Толук маалыматты эртең алсак туура болот", - дейт ал.

Бул сунушту 61 депутат колдоп, бул маселе эртең каралмай болду.

Кыргыз-Тажик чек арасында 16-сентябрда орун алган чыр боюнча маселе парламентте бүгүн саат 14:00дө каралмак.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
salimbek87.kg
2019-09-18 13:46:50
Бизге Президенттик башкаруу керек 120 депутат эмес
0
osor
2019-09-18 13:50:18
Почему бугун эмес эртен каралышы керек ме депутаттар кече ичип бугун баш ооруп атабы? Эртен деп калыпсынар чек арада адам оло берсин силерге баарибир
+3
katerina.li
2019-09-18 13:52:05
Эмнеге эртен??? Тобооо анан жаман айтса таарынасынар. Бугун именно бугун ,казыр караш керек.
+1
aiba.8327
2019-09-18 13:56:08
Шашпай эле эмдиги жылы деле карагыла малдар десе ....
+2
Samatalibei
2019-09-18 14:43:36
Чечиле турган кылып Жакшы карагыла! Зым менен тосуш керек кой уйлар оталбагандай кылып карагыла!
+1
futboler
2019-09-18 15:32:48
Эртең эртең деп жүрүп ушул күнгө келдик го.
0
elchi84
2019-09-18 15:44:17
Шашылбагыла Тажиктер такталбаган жерлерге бетон куюп жатышат ,эртен дубалын уруп тамын жаап койсо ошондо коробуз жерди вопще бербейт.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан