"8-майда Баткен районуна караштуу Көк-Таш айылынын Чек тилкесинде Тажикстандын атайын кызматтарынын өкүлдөрү тарабынан Кыргыз өлкөсүнүн аймактык бүтүндүгүнө шек келтирилип, Кыргыз жарандарынын үйлөрү өрттөлгөн", - деген билдирүү Чек ара коомдук бирикмесинин социалдык тармактагы жеке баракчасына жарыяланды.
"Чек арага чектеш деп айтылган дубал бир нече жерден тешилип, алдын ала даярдык көрүлгөн. Бул дубал мурда Кыргыз Республикасына караштуу болчу. Эсиңиздерде болсо, ушул жылдын башында ушул эле айылда Кыргыз Республикасынын жарандарынын үйлөрүн өрттөө аракеттери ишке ашпай калган болчу. Бул сапар ишке ашты. Үйлөрдү өрттөгөндөрдүн негизги максаттары, жергиликтүү калкты бездирип, коркутуп, бул аймактан көчүп кетишин камсыздоо жана экспансиялык саясаттарын жүргүзүү болуп эсептелет. Өрттөлгөн үйлөр жана талашылып жаткан жерлер расмий маалыматтар боюнча Кыргыз өлкөсүнө караштуу болгонуна карабастан, Тажикстан тарап өзүнүкү деп жарыялоодо. Кайсы документтерге таянып жатышат?
Кыргыз мамлекетинин жалпыга маалымдоо каражаттары маалыматка толук ээ болбой туруп, өзүбүздүн жерлерибизди "Талаш жер", "Тажикстан өзүнө караштуу деп айтып жаткан жерлер" сыяктуу жоопкерчиликтен, мекенчилдиктен жана профессионализмден алыс сөздөрдү колдонуп келишүүдө.
Президент Сооронбай Жээнбековду, Куралдуу күчтөрүнүн колбашчысы катары активдүү фазага өтүшүн талап кылабыз", - деп айтылат маалыматта.
"2019-жылы Баткен облусунун Лейлек районуна караштуу Максат айылынын мектебин Тажикстан миномёт менен атканда Кыргыз Республикасынын өкмөтү эч нерсе болбогондой түр көрсөтүп, Таласта көчмөндөр оюнун уланткан эле.
8-май күнү Көк-Ташта чек арачыларыбызды жана жарандарыбызды жарадар кылган Тажикстан миномёт колдонду.
Бирок камырабаган бийлик 9-майда асманга салюттарды аттырды. Бийликте улуттук биримдик деген түшүнүк жокпу?" - деп кошумчалады аталган бирикменин мүчөсү.