Мухаммедкалый Абылгазиев чек арадагы абалды Тажикстандын өкмөт башчысы менен телефон аркылуу талкуулады

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев тажикстандык кесиптеши Кохир Расулзода менен телефон аркылуу сүйлөшкөнүн өкмөттүк аппараттан кабарлашты.

Телефондук сүйлөшүүнүн жүрүшүндө өкмөт башчылар Кыргыз-Тажик чек арасындагы абалды жана болуп өткөн чек ара окуясын жөнгө салуу боюнча көрүлүп жаткан чараларды талкуулашты.

Кырдаалды жөнгө салууга жана өлкөлөрдүн ортосундагы достук жана коңшулаштык мамилелерди эске алуу менен эки мамлекеттин чек ара тилкелеринде абалды турукташтыруунун мындан аркы чараларын көрүүгө эки жактуу даярдык билдирилди.

Мухаммедкалый Абылгазиев жана Кохир Расулзода белгилешкендей, эки мамлекеттин мамлекеттик органдарынын биргелешкен иши жөнгө салынган. Окуяга биргелешип тергөө жүргүзүү жана чек арадагы кырдаалды эскалация кылууга жол бербөө чараларын көрүү макулдашылган.

Белгиленгендей, учурда эки мамлекеттин компетенттүү органдарынын жетекчилери, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары абалды жөнгө салуу жана чектеш аймактарда туруктуулукту камсыздоо үчүн биргелешкен иштерди жүргүзүүдө.

Өкмөт башчылар, ошондой эле мамлекеттик чек араны демаркациялоо жана делимитациялоо боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын ишмердигин активдештирүү боюнча белгилешти.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Saidochka
2019-03-14 21:16:24
Телефондон талкуулап коюп отурат бекен,нормальный премьер кечээ жетип бармак,коркоктор,жамбашын да которуп коюуга жарабаптыр да
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан