Кыргыз-Тажик тараптын сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгы менен бир катар макулдашууларга келишти. Бул тууралуу өкмөттүк аппараттын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.
Маалыматка ылайык, Мухаммедкалый Абылгазиев жана Тажикстандын премьер-министри Кохир Расулзоданын макулдашуусунун негизинде кыргыз-тажик тилкесиндеги чыр-чатактарды басаңдатуу боюнча бирдиктүү чараларды кабыл алуу жөнүндө маселелер талкууланды.
«Оңой эмес, бирок конструктивдүү диалог болду. Тараптар кырдаалдын курчушуна жол бербөө үчүн болгон күч-аракетин жумшады. Тажик тарап менен бир катар макулдашууларга жетиштик. Эки мамлекет тең чек ара аймактарынан аскердик техника менен аскерлерди чыгарып кетүү боюнча чечим кабыл алды. Ошондой эле тараптар чек арадагы такталбаган тилкелерде курулуш иштерин жүргүзүүнү токтотууну макулдашты. Кыргыз-Тажик премьер-министрлеринин тапшырмасы менен, чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегациялар чек ара маселелерин чечүү боюнча ишти күчөтөт. Учурда кыргыз-тажик тилкесинде 5 көзөмөл-өткөрүү бекети тең, анын ичинде Кулунду-унаа жол көзөмөл-өткөрүү пункту штаттык режимде иштеп жатат, чек арада кырдаал туруктуу. Эвакуацияланган Максат айылынын тургундары өз үйлөрүнө кайтты, эки өлкөнүн укук коргоо органдарынын өкүлдөрү чек арага жакын жайгашкан аймактарды биргелешип күзөтүүдө", - дейт иш-аракеттер тууралуу маалымат берүүдө вице-премьер-министр Жеңиш Разаков.
Кыргыз-Тажик чек арасындагы кырдаал өкмөттүн өзгөчө көзөмөлүндө, эки өлкөнүн жергиликтүү бийлик органдары чек ара аймактарындагы чыңалууну жоюу максатында элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.
Буга чейин премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев белгилегендей, өз ара ишеним, мурда жетишилген макулдашууларды так аткаруу жана эки жактын кызыкчылыктарын эске алуунун негизинде гана чек ара маселелерин чечүүдө оң жылыштарга жетишсе болот.