Кыргыз-Тажик чек арасындагы жаңжалда жаракат алгандардын абалы туруктуу

Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков менен ички иштер министри Кашкар Жунушалиев Кыргыз-Тажик чек арасындагы жаңжалда жаракат алган жарандардын абалы менен таанышты. Бул тууралуу Баткен ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Белгилүү болгондой, өкмөт өкүлдөрү Баткен биргелешкен ооруканасынын сыныктар жана хирургия бөлүмүндө жаткан жарандардын ден соолуктарын сурап, кандай кошумча медициналык жардам керек болсо бериле тургандыгын айтышты.

Жаракат алгандардын арасында кызматтык милдеттерин аткаруу учурунда таш, ок тийип жаракат алган милиция кызматкерлери да бар.

"Сиздердин тезинен сакайып, аман-эсен үйүңүздөргө барышыңыздарга тилектешмин. Бул үчүн бардык шарттарды жана мүмкүнчүлүктөрдү түзүп беребиз" деди Кашкар Жунушалиев.

Дарыгерлер жаракат алган жарандардын абалы туруктуу экендигин жана аларга ар тараптуу медициналык жардам көрсөтүлүп жаткандыгын билдиришти.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
talant87
2019-07-24 09:09:50
Саламатсынарбы админ Ажы сапарына кеткен мекендештерден кабар албайсынарбы видёлорун жуктогуло сураныч
-1
katerina.li
2019-07-24 09:49:55
Кайдагы туруктуу,жолдун баары жабылып атса???
0
bond02
2019-07-24 11:11:29
Ошентип соорото берет да биздикилер.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан