Какшап жүрүп алган Нарындагы контейнер-мектеп жабылат. Окуучулар клубдун имаратына көчүрүлөт

Нарын районундагы Кеңеш айылындагы контейнер-мектеп жабылып, окуучулар айылдагы клубдун имаратына көчүрүлөт. Мындай маалыматты өкмөттүн Нарындагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз катчысы Майрамбек Өмүрбаев SUPER.KG порталына билдирди.

"3-октябрдан баштап окуучулар айылдагы клубдун имаратына көчүрүлөт. 160 окуучу 2 сменде окуйт. Клубдун ичи класстарга бөлүнүп, жылытуучу систем орнотулуп, бардык шарттар түзүлдү. Оңдоп-түзөө иштери аяктаган. Бирок аба ырайы салкын болуп полдун краскасы жакшы кургабай жатат. 3-октябрда болбосо 4-октябрда көчүрүлөт. Ал эми контейнер-мектеп жабылат", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.

Буга чейин интернет тармагында Нарын районунун Кеңеш айылындагы контейнер мектептин ачылыш аземинен тартылып алынган сүрөт талкуу жаратып, коомчулукту дүрбөткөн. Мындан улам кайдыгер эмес жарандар аталган мектепти ашар жолу менен салууну демилгелешкен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
oscar
2019-10-03 01:00:27
Мамлекет салбайбы, элге жүктөбөй
+2
altyn-kumush
2019-10-03 09:22:06
Бул мектептин айынан канча киши өзүн баатыр көрсөттү эле кана эми ошолор мектепти салып жибергилечи. Өкмөт башкасын салса деле болот.
+1
JaneEr
2019-10-03 09:52:02
Адилетсиздик.Башка жерлерде 48 98 миллиондук мектептерде окуса,булар клубда окушабы?
+1
Erik2018
2019-10-03 09:59:45
бизде 2014 жылы чатыр палаткалар тигилип мектеп буткучо ошол жерде 2 жыл окуп турду эмне убактынча окуп турса бирдеме болот беле сабырдуу болсок баарын женебизго
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан