Жалпыга маалымдоо каражаттарына жазылган дооматтарды кароо боюнча комиссияга Искендер Матраимовдон арыз түштү

Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимов "Азаттыкка" карата арыз жазды. Арыз Жалпыга маалымдоо каражаттарына жазылган дооматтарды кароо боюнча комиссиясына жазылганын аталган комиссия маалымдады.

Маалыматка ылайык, арыз Ошто съёмка жүрүп жатканда журналистке кол салды деп тараган маалыматтарга байланыштуу жазылган. Арыздануучу "Азаттыктын" орус тилиндеги версиясында текст менен жазылган 11 материал, журналист Ыдырыс Исаков даярдаган 1 видеоматериал жарыяланганын белгилеген.

"12 материалдын ичинен 11и радионун өзүнүн көз карашын жана алардын позициясын колдогон же коргогон адамдардын пикирин чагылдырган", - деп жазган Матраимов.

"Ошондой эле арызда ал Ыдырыс Исаковдун Матраимовдордун тарапташтары менен телефондон сүйлөшүүсүнө да токтолуп, Ыдырыс Исаковдун Матраимовдордун үй-бүлөсү тууралуу "Азаттыктын" чагылдыруусу - бул чоң саясат деп айтканына көңүл буруусун өтүнгөн", - деп жазылат маалыматта.

Жалпысынан арызда Матраимов:

Окуянын чагылдырылышынын сапатына баа берүүнү;

Кыргыз Республикасынын Журналисттердин этикалык кодекси боюнча текшерүү жүргүзүүнү;

Жарыяланган материалдарды талдоо үчүн тараптарды чакырууну;

Исаковдун телефондон сүйлөшүүсүнүн аныктыгын текшерүү үчүн көз карандысыз экспертиза түзүүнү өтүнгөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
altyn-kumush
2019-10-03 14:09:52
Азаттык өзүнө тиешелүү гана адамдарды телеге же радиого чакырып алып өздөрүнүн сөзүн сүйлөтөт. Алар элдин үнүн укпайт. Америкадан каржыланган үчүн ошолордун саясатын жүргүзөт. Азаттыкка Тажикстан тыю салган бизде да тыю салынсын.
-5
Absamat-90
2019-10-03 14:12:51
Азаттык апрелдин кейпин кийип калды бир жактуу материал берип. Олкодо Матраимовдордон башка маселе жоктой эки жылдан бери ошолорду пиарлайт.Эгер кошумча капитал издеп жаткан болсо ачык эле айтпайбы бизге спонсор керек калган кызматкерлерге да уй керек деп. Азаттык эмес эле АШАттык болуп калды.Демократияны туу туткан медиа демократиядан тайып баратат.Бул жерде операторду жиберген Алинин аты эмнеге айтылбай жатат.Ошол жиберди тартып кел деп. Муну Ы.Исаков айты ачык эле.
-6
Ernestinio
2019-10-03 14:14:15
Журналисты пользуются тем что могут повлиять на многих и позволяют себе слишком многое, вплоть до того что нарушают закон частных собственностях. Люди, имеют право хотя бы дома быть "как дома"???
-5
Kyrgyz_bloger
2019-10-03 14:47:21
Ernestinio,жеке менчик дегенди бетке кармаган туура эмес,таза иштеген таза жашаган адам эч нерседен коркпойт,менин уйумо келсинчи ошол азаттыктын журналисти чай тамак коюп тосуп алып озум эле айтайын каалаганынды тарт деп.
+6
Kyrgyz_bloger
2019-10-03 14:15:50
Бизде азаттык болбосо башка бир дагы чындыкты айткандар жок,кана корустондогу коруппция боюнча бироо камалдыбы жок,квартиралар эмне учун кымбат экенин айтып берди бироо камалган жок,азаттык жабылса чындык олот коруппционерлер жыргайт.
+9
titanik32
2019-10-03 14:45:52
Азаттык өтө паскач болуп кеттиңер уят эле.Бирөөнүн куурчагы болуп жаьасыңар кол алдында ойнолуп.Эми силердин эл арасында кадыр баркыңар өтө төмөндөп кетти.Раматылык Улан Эгизбаевди туурайым дейстңер бирок андай боло албайсыңар.Силер Исаков жана башкалар Азаттыктын рейтингин өтө төмөн түшүрдүңөр.
-6
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан