Аба ырайынын бузулганына байланыштуу айдоочулар Төө-Ашуу жана Суусамыр өрөөнүнөн өтүп жатып сак болушу керек. Мындай маалыматты Чүй облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы таратты.
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги учурда Төө-Ашуу жана Суусамыр өрөөнүндө кар жаап жатканын билдирди.
"Мындан улам айдоочулар унаалар арасындагы аралыкты сактап, дөңгөлөктөрүн кышкыга алмаштырып алганы оң. Бул аракеттер кырсыктарды алдын алат", - деп айтылат билдирүүдө.