Бишкекте алдамчылыкка шектелип издөөдө жүргөн жаран милиция кызматкерин унаасынын капотунда 50-100 метрге чейин сүйрөп кеткен. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, окуя 20-ноябрда саат 17:50 чамасында болгон. "Коопсуз шаар" видеокөзөмөл системасы аркылуу 1998-жылы туулган Н.Э. аттуу жарандын жүргөн жери аныкталган. Ал 12-ноябрдан бери Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) боюнча издөөдө жүргөн.
Милиция кызматкерлери аны Киев жана Шопоков көчөлөрүнүн кесилишине жакын жерден токтотууга аракет кылышкан. Бирок айдоочу Subaru Legacy үлгүсүндөгү унаасы менен ГУМ соода борборунун унаа токтотуучу жайынан чыгып, Киев көчөсү менен батышты көздөй жүрүп кеткен. Натыйжада милиция кызматкерлеринин бирин унаасынын капотуна илинген бойдон 50-100 метрге чейин сүйрөгөн.
Ыкчам иш-чаралардын натыйжасында шектүү кармалып, райондук ички иштер башкармалыгына жеткирилген.
Ага карата бийлик өкүлүнө зомбулук көрсөтүү фактысы боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 374-беренеси менен өзүнчө кылмыш иши козголду. Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Учурда окуянын бардык жагдайлары териштирилип жатат.