Биз социалдык тармакта

Бишкекте жогорку чыңалуудагы зым үзүлүп, жарыксыз калган конуштарда электр энергиясы калыбына келтирилди

Бишкекте 20-ноябрда жогорку чыңалуудагы электр зымы үзүлүп, бир катар конуштарда электр энергиясы өчтү. Окуя Анкара жана Курманжан датка көчөлөрүнүн кесилишинде болгон.

Тургундардын маалыматына караганда, жарык кечки саат 17:30 чамасында 10-кичи райондо, Асанбай, Тунгуч, Көк-Жар жана Чыгыш-5 конуштарында өчкөн. Ошондой эле айрым көчөлөрдө жол чырактар иштебей, жол тыгындары жаралды.

«Кыргызстандын улуттук электр тармагы» ААКынын маалыматына ылайык, саат 17:31де ТЭЦБ–Парковая-2 багытындагы 110 кВ жогорку чыңалуудагы электр линиясында үзгүлтүк болгон.

Адистердин аракети менен саат 19:15ке карата бардык абоненттерге электр энергиясын берүү толук калыбына келтирилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан