Бүгүн, 20-ноябрда Оштогу Сүрөттүү-Таш айылында № 43 “Кызгалдак Бүчүр” бала бакчасынын ачылышы болду. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Маалым болгондой, буга чейин президенттин колдоосу менен турукташтыруу фондунан каржыланган 10 мектепти куруу программасынын алкагында айылда заманбап, жаңы мектеп курулган. Ал эми, анын бошогон эски имараты толугу менен бала бакчага ылайыкташтырылып, капиталдык оңдоодон өттү.
"Ачылышка мэр Жанар Акаев жана жергиликтүү тургундар катышты. Мурда бакча № 43 З.М. Бабур атындагы мектептин бир бөлүгүндө жайгашып, үч тайпада болгону 65 бала тарбияланып келген. Жаңы имараттын ишке берилиши менен 12 тайпа ачылып, 300 бөбөктү кабыл алууга шарт түзүлдү. Муну менен айылдын бул багыттагы көйгөйү толук чечилди", - деп кошумчалады мекеме.