Бүгүн, 11-октябрда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда кримтөбөл Азиз Батукаевдин өлкөдөн мыйзамсыз чыгып кетиши боюнча биринчи соттук отурум болуп жатат. Адегенде соттун имаратына журналисттер киргизилбей жаткан. Бирок жактоочулардын түшүндүрүүсү болуп, бир нече убакыттан кийин жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү имараттын ичине киришти. Анткен менен алдын ала уктуруу жабык өтөрүн айтышып, залга киргизишкен жок.
Соттук отурум саат 10:00дө башталмак. Журналисттер соттун имаратындагы залга киргенде ал жакта эч ким жок болуп чыкты. Жактоочу Сергей Слесарёв процесс башталганын, бирок кайрадан бир саатка тыныгууга кетишкенин айтты. Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев бүгүн сотко алып келинеби деген суроого жактоочу отурум саат 11де уланат, ошондо көрөбүз деп жооп берди.