Бүгүн, 19-декабрда Бишкектеги Биринчи Май райондук сотунда кримтөбөл Азиз Батукаевдин абактан мыйзамсыз бошотулушуна байланыштуу соттук отурумдун болушу күтүлүүдө. Отурум жабык эшик артында өтөт.
Бүгүнкү отурумга дагы мурдагы өлкө башчы Алмазбек Атамбаевдин ден соолугуна байланыштуу келбегендигин анын жактоочусу Сергей Слесарёв билдирди.
"Алмаз Шаршеновичтин кан басымы нормага түшө элек. Биз анын кан басымынын мониторингин көрсөтүүчү медициналык тыянакты күтүп жатабыз. Азырынча анын жыйынтыгы колубузга тие элек. Эгер медициналык тыянак чыкса, Атамбаевдин отурумга катышпоосу боюнча өтүнмө беребиз", - деди жактоочу.
Биринчи Май райондук сотунун өндүрүшүндө "коррупция" беренеси менен айыпталып жаткандар мурдагы президент Алмазбек Атамбаев, мурдагы башкы прокурор Индира Жолдубаева, ЖАМКнын төрагасынын мурдагы кеңешчиси Калыбек Качкыналиев жана Улуттук гематология борборунун мурдагы жетекчиси Абдухалим Раимжанов.