Үн каткан жок. Батукаевдин иши боюнча сот отурумуна келген Индира Жолдубаева журналисттердин суроолорун жоопсуз калтырды

Журналисттер тарабынан берилген суроолорго мурдагы башкы прокурор Индира Жолдубаева үн каткан жок. Ал Бишкектеги Биринчи Май райондук сотуна Азиз Батукаевдин өлкөдөн чыгып кетиши боюнча болгон биринчи соттук отурумга келген. Соттук отурумдан чыккан соң Индира Жолдубаевага журналисттер суроолор менен кайрылышты. Бирок мурдагы башкы прокурор ал суроолорду жоопсуз калтырды.

Бүгүн, 11-октябрда Батукаевдин мыйзамсыз чыгарылышы боюнча соттук отурумга Индира Жолдубаева, Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын мурунку кеңешчиси Калыбек Качкыналиев жана профессор Абдухалим Раимжанов да чакыртылган. Бирок бул ишке айыпталып жаткандардын бири Алмазбек Атамбаев сот отурумуна келүүдөн баш тарткан. Жактоочусу Сергей Слесарев отурум 14-октябрга жылганын маалымдады.

Алмазбек Атамбаев Батукаевдин иши боюнча соттук отурумга келүүдөн баш тартты
Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
zhykyo
2019-10-11 12:31:13
Ооздо талкан болсо керек
+3
erlan2196
2019-10-11 12:49:40
Азыркы Сооронбайдан эч чындык кутпой эле коелук. Болгону Сооронбайды кетирип ордуна таза адамды коюш керек.
-12
Absamat-90
2019-10-11 12:58:55
Энергиянын баарын прокурордун суроосуна сактап жатса керек да.
-3
Ernestinio
2019-10-11 14:03:29
Индира мн Аида айым Атамбаевдин пешкасы болуп калган. Керек болбой калган учурда сууга ыргытты, айым экенине карабай.
-3
Kyrgyz_bloger
2019-10-11 14:23:53
Азыркы прокурор менен чондор пешка эмес оз алдынча иштеп жатабы? Эгерде бизде укук коргоо органдары коз каранды болбой эркин иштесе бизде иштеген либой президетти Кореядагыдай кылып иштеп жаткан учурда камайт эле кеткенден кийин чукубай.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан