Кримтөбөл Батукаевдин иши боюнча соттук отурум жактоочулардын келбей калгандыгына байланыштуу жылдырылды

Бүгүн, 28-январда Биринчи Май райондук сотунун имаратында кримтөбөл Азиз Батукаевдин абактан мыйзамсыз бошотулушу боюнча соттук отурум өтмөк. Бирок отурум жактоочулардын келбей калгандыгына байланыштуу жылдырылды.

Мурдагы өлкө башчы Алмазбек Атамбаевдин жактоочусу Сергей Слесарёв SUPER.KG порталына билдиргендей, отурумга Абдухалим Раимжановдун жактоочусу келген эмес.

“Бүгүнкү отурумга мен жана Раимжановдун жактоочусу кечиримдүү себептер менен келе албай калдык. Андыктан соттук отурум 30-январга жылды”, - деди жактоочу.

Биринчи Май райондук сотунун өндүрүшүндө "коррупция" беренеси менен айыпталып жаткандар мурдагы президент Алмазбек Атамбаев, мурдагы башкы прокурор Индира Жолдубаева, ЖАМКнын төрагасынын мурдагы кеңешчиси Калыбек Качкыналиев жана Улуттук гематология борборунун мурдагы жетекчиси Абдухалим Раимжанов.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Alimbek1000
2020-01-28 13:01:19
Атамбаев башы менен жооп бериши керек. Каадаланса да башка болсо да сот токтоосуз жүрүш керек. Кыскасы кыңыр ишти кылдыбы жооп берсин!!!
-1
yrmat88
2020-01-28 14:12:14
Alimbek1000,
Атамбаев жооп бериш керек эмес. Атамбаевти Сооронбай Жээнбековтор сатып кетиишти. Болбосо Сооронбай Атамбаевтин аркасы менен келгеинин унутпашы керек.
+1
Jaznura
2020-01-28 13:03:17
Атамбаевдин жактоочулары менен Сапар Исаковдун жактоочусу бир эле кишилер. Алар атайын план менен иш кылып жатат. Ушундай жол аркылуу сотту создуктуруп СИЗОдогу отурган күндүн санын көбөйтүүнү каалап жатат.
-1
Absamat-90
2020-01-28 13:03:18
Мышык чычкан ойнотпой камап салуу керек, булар атайын жылдырып жатат.
0
yrmat88
2020-01-28 14:03:19
Супер инфо комментарийлерди тапдап чыгарган туура эмес. Ар бир адамдын ою пикирин эске алгыла. Атамбаевти жамандаган комментарийлерди атайлап чыгарып жатасынар.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан