Ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановдун баш коргоо чарасы 23-декабрга чейин узартылды

Ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановдун баш коргоо чарасы 23-декабрга чейин узартылды. Бул тууралуу Биринчи Май райондук сотунун басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, чечим 10-октябрда чыккан.

13-августта Курсан Асанов "милициянын кызыкчылыгын сатты" деген жүйө менен министрдин орун басары кызматынан бошотулган. Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы министр Кашкар Жунушалиев Атамбаевди кармоо учурунда аны менен жалпысынан 3 жолу сүйлөшүү жүргүзгөнүн, министр макул кылдырган соң гана ал ишке Асанов аралашканы тууралуу маалымат тараткан.

Башкы прокуратура Курсан Асановдун иши боюнча кызматтык иликтөөнүн материалдары менен таанышып чыгып, ал материалдардын негизинде "кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренеси боюнча кылмыш иши ачылган. Сотко чейинки өндүрүштү жүргүзүү Аскер прокуратурасына өткөрүлгөн.

27-августта Биринчи Май райондук соту Курсан Асановдун баш коргоо чарасын карап, 13-октябрга чейин үй камагына алуу чечимин чыгарган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
-Dybala-
2019-10-14 16:50:47
Элдик генерал!
+18
-Dybala-
2019-10-14 16:51:20
соке к*т Атамбаевди ошол жерден олтуруп кой деген бул олтурбой алып келген учун кетти
+14
Anara94
2019-10-14 16:52:05
Кыргыздын чыныгы мырзасы!
+17
Erik2018
2019-10-14 17:34:20
Пакет эмне болду табылдыбы озу
-5
altyn-kumush
2019-10-14 17:37:21
АШАнын заказчиги Курсан Асанов өз операциясын уюштурган.
-3
Erik2018
2019-10-14 17:41:45
Асанов тубу тажик турбайбы, биз башынан эле карышкырга кой кайтарып журбодукпу деген да ой келип калды, акыркы убактарда тажиктер Асанов камалгандан бери каттуу реакция кылып, ар кандай провакацияларлы уюштуруп жатат
-5
Kuyoo_bala
2019-10-15 08:59:12
Коралбастык кылынган.Молодец Асанов!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан