Бет кап кийген 20 адамдан турган куралчан топ Тажик-Өзбек чек арасына чабуул жасады. Бул тууралуу Тажикстан өлкөсүнүн маалымат булактары жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, 6-ноябрда түнкү саат 03:23 чамасында куралчан топ чек арадагы №4 "Ишкобод" аскердик бөлүмүнө чабуул жасаган.
"Чабуул Тажикстандын Рудаки районунда, Дүйшөмбү шаарынан 60 чакырым алыстыкта, Өзбекстан чек арасына жакын аймакта болгону айтылууда. Күч кызматкерлери тарабынан куралчан топтун он беши өлтүрүлүп, бешөөсү кармалды. Ок атышуу учурунда бир чек ара аскери жана бир ИИМ кызматкери каза болгон. Жалпы каза болгондордун саны он жети адамга жеткен. Тажикстандын ички иштер министри билдиргендей, кылмыш тобунун 4 унаасы жок кылынган", - деп айтылат маалыматта.
Учурда окуя боюнча оперативдүү-изилдөө тобу түзүлүп, териштирүү иштери уланууда.