Казакстандын Булак айылында залалдуу шишик дартынын айынан каза тапкандар көбөйө баштады

Казакстандын Булак айылынын тургундарынын арасында залалдуу шишик дартынан улам каза болгондордун саны кескин өсүп кеткени айтылууда. Бул тууралуу казак телеканалынан билдиришти.

Анда аталган айылда алтын кени казылган жер жайгашканы айтылган.

“Акыркы жылдары жашоочулар арасында жаш курагына карабай залалдуу шишик дартына чалдыккандар көбөйдү. Арасынан жаштары каза таап жатышат. Алардын көбү алтын кени казылган карьерде иштегендер. Акыркы 10 ай ичинде 78 адам ооруга чалдыгып, анын ичинен 26 адам каза болуп калды. Жашоочулар мындай кейиштүү жагдайды Булак айылынын жанында жайгашкан алтын кени менен байланыштырып жатышат. Айылдын калкынын саны болгону 700 адам”, - деп айтылат маалыматта.

Булак айылы караган Есил районунун башчысынын орун басары Едил Туткушев бул көрсөткүчтөрдү айылдын ички эмиграциясы күч алганы жана жаш курагы өйдө жашоочулар көп экендиги менен байланыштырган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан