Ушул жылдын 6-ноябрында Лондондогу "Пикадилли" театрында спектакль учурунда көрүүчүлөрдүн башына шып кулап түшкөн. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Ага ылайык, окуя болгон учурда театрда "Смерть коммивояжера" аттуу спектакль жүрүп жаткан.
"Шып болжол менен саат 19:59 чамасында амфитеатр тарапта отургандардын үстүнө кулап түшкөн. Дароо полиция кызматкерлери чакыртылып, адамдар сыртка чыгарылган. Ал эми шып кулап, жаракат алгандарга медициналык жардам көрсөтүлдү. Алардын жарааттары өмүрүнө коркунуч жаратпайт", - деп айтылат маалыматта.
Маалым болгондой, "Пикадилли" театры 91 жыл мурун курулган.