Индиянын Уттар-Прадеш штатында Субхаш Ядав аттуу жаран мелдештин кесепетинен сууга бышкан 50 жумуртканы жегенге аракет кылып, каза болду. Ал өзүнүн абалына карабай, бир убакта 50 жумуртканы жегенге аракет кылган. Бул тууралуу индиялык басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Пари Ядав аттуу досу менен жеңиш ким тарапта болсо, ага 2000 рупий (1976 сом) акча берүүнү убадалашкан. Бирок Субхаш Ядав 41 жумуртканы жеп үлгүргөн соң, өзүн жаман сезе баштаган. Аны ооруканага алып барышкан, бирок ал өзүнө келбей, каза болгон. Дарыгерлер анын дартын так коё алышкан эмес, болгону ал ашыкча жеп алгандыктан каза болгон деген чечим чыгарышкан.
Массачусетс университетинин окумуштуулары бир канча жумуртканы бирдей колдонуу жүрөк ооруларына алып келип, өлүмгө жеткириши мүмкүн деген жыйынтыкка келишкен.