Түркмөнстан өлкөсүнүн президенти Гурбангулы Бердымухамедов жеке өзү 15 метр узундукта жасала турган алабай итинин айкелинин инструкциясын мамлекеттик кызматкерлерге көрсөтүп, анын кандай боло турганын түшүндүрүп берди.
Бул учурду чагылдырган чакан видео социалдык тармактарга тарады. Видеодон Түркмөн башчысынын иттин айкелинин кандай боло турганын көрсөтүп жатканы жана мамлекеттик кызматкерлер анын айткандарын жазып жатканын көрүүгө болот.
Буга чейин Гурбангулы Бердымухамедов Ашхабад шаарында “Түркмөндүн алабайы” аталышындагы китебинин бет ачарын өткөргөн.