Москвада бала багуучу жалпы суммасы 7 миллиондон ашык рублдук сааттарын жана зер буюмдарын уурдап кеткен

Москвада бала багуучу жалпы суммасы 7 миллиондон ашык рублдук сааттарын жана зер буюмдарын уурдап кеткен. Бул тууралуу орусиялык маалымат каражаттары жазып чыкты.

Кылмышка шектелип жаткан бала багуучу 9 кол саат жана баалуу зер буюмдарды уурдаган. Келтирилген чыгымдын жалпы суммасы 7 миллион 425 миң рублды түзгөн.

"Баалуу сааттарын уурдатып жиберген үй ээлери полицияга арыз менен кайрылган. Иликтөө иштеринин алкагында кылмышка бала багуучунун тиешеси бар экени аныкталган. Бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, алгач бала багуучу камакка алынган. Учурда ал өлкөдөн чыкпоо тил каттын негизинде үй камагына чыгарылган", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Nevestkaa
2019-11-07 22:27:44
Окендер окшойт өлкөдөн чыгарбаганына караганда не русский болгондо камап тынса керек эле.
+4
zzz---zzz
2019-11-07 23:41:02
Менимче 7 миллион рубльден ашыгыраак болуп жазылса керек
-5
akmanai
2019-11-08 02:18:05
zzz---zzz,Орус тилиндеги создор же кыргыз тилинде колдонулган орусча создорго мучо уланганда создун акырындагы "ь" белгиси тушуп калат деген эреже бар кыргыз тилинде
+11
nelli
2019-11-08 22:54:40
zzz---zzz,кой ай бул жазганынды кыргыз тили мугалимин окубасын, капа болот,,,,))))
0
Aitunuk
2019-11-09 00:21:16
nelli, тескерисинче, кыргыз тили мугалими окуса, сабаттуу окуучусу же студенти менен сыймыктанат.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан