"Апаң тарбия бергенби?" деген комментарийлер жазыла берген казак кызы Айжан Байзакованын апасы сүрөтүн жарыялады

Казакстандык блогер Айжан Байзакова социалдык тармакта катталуучулары эң көп колдонуучулардын бири. Ал даярдаган вайн, видеолорго жана өзүнүн жеке сүрөттөрүнө жазылган комментарийлердин саны да көп.

Арасында анын айрым сүрөттөрүн уят деп сыпаттап, "кимден тарбия алгансың?" деген сындуу билдирүүлөрдү да жазышчу. Казак маалымат каражаттары блогердин апасы бул ирет жүзү көрүнгөн сүрөтүн жарыялаганын жазды. Буга чейин Байзакованын апасы жеке баракчасына бети көрүнбөгөн сүрөттөрүн жүктөчү.

"Менден эмнеге жүзүңдү көрсөтпөйсүң деп көп сурашып, уялбай эле коюумду өтүнүшчү. Мына мен, жөнөкөй эле адаммын, бетимде ашыкча мурдум жок. Мен 3 неберенин чоң энесимин, таанышканыма кубанычтамын, достошобуз", - деп жазган ал.

Сүрөттүн алдына колдонуучулар анын жаш көрүнгөнүнө жана сулуулугуна суктанган комментарийлерди жазышууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Tymar
2019-11-07 23:41:19
Бирөөнүн тарбиясы жөнүндө сүйлөгөндү коюп, өзуңөрдү биринчи жакшылап тарбиялап алгыла. Өзуңөрдү биринчи күзгүдөн карап туруп, ошого жараша сүйлөгүлө. Ар ким оозуна келгенин сүйлөй беришет, ички таар адам кишинин жаман жерин гана издеп турат.
+16
Mystery
2019-11-08 16:58:47
Tymar,ошо минус издеген адам бар бироо, байкасам олло ичи тар эч кимге жакшылык каалабайт анан коралбайт. Туура айттыныз, минус издеген адам ичи тар, пейили начар демек
-2
Skarlett-Skarlett
2019-11-08 13:24:25
Айжан сонун кыз го,жеке мага жагат.
-3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан