Колумбияда мышык наристени куткарып калды (видео)

Интернетте наристени тепкичтен кулатпай куткарып калган мышыктын видеосу популярдуу болуп, аны көргөндөрдүн саны күндөн күнгө көбөйүп жатат. Аталган окуяны чагылдырган учур видеокөзөмөлгө түшүп калган. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазышууда.
Маалыматка ылайык, окуя 31-октябрда Колумбиянын борбору Богота шаарында болгон.
Видеодо көрүнүп тургандай, наристе бөлмөдө кароосуз калып, анын жанында үй мышыгы болгон. Наристе жөрмөлөп келип тепкичтен кулоого аз калганда мышык аны тосуп, кулатпай куткарып калган. Мышык секирип келип, ал жак кооптуу экенин түшүндүргөндөй белги берип, баланы бөлмөнүн ортосуна түрткүлөгөн.
Учурда колдонуучулар видеонун алдына жаныбарга ыраазычылык билдирип, наристени куткарууга себепчи болгонун алкап комментарий жазышууда.
Колумбияда мышык ымыркайды куткарып калды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
zhykyo
2019-11-08 12:17:16
Укмуш ээ ууу дууу чууу мышык эээ
0
nurhan2702
2019-11-08 17:37:38
Айбан деле билет жаш баланы. Сонун видео экен
+8
katerina.li
2019-11-08 19:18:16
Кошка в прошлой жизни была няней
-1
PROS
2019-11-08 19:39:59
Баарынан да кыз бурагыңар тойгозду го!!!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан