Италиянын Каммарата шаарынын мэри аталган шаарга келип жашоону каалагандарга акысыз үй мүлкүн берип, шаардын калкынын санын көбөйтүүнү көздөөдө. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазууда.
Маалыматка ылайык, Каммарата шаарында 6 миңге жакын жашоочу бар. Калаа башчысы Винченцо Жамброне шаарды таштап, башка жакка көчүп кеткендерге үй мүлкүн шаарга келип жашоону каалаган адамдарга акысыз өткөрүп берүү сунушун айткан. Ал бул иш-аракеттерди Каммарата шаары жок болуп кетпеш үчүн ишке ашыруу керектигин белгилейт. Жамброне кыймылсыз мүлк ээлерин өз үйлөрүн таштап кетип жатып, алар шаарга тийгизген зыяны тууралуу ойлонбой жатышат деп нааразы болгон.
"Улуу, көп жылдык тарыхы бар шаардын бош болуп, урап калышын көргүм келбейт", - деген ал.
"Учурда шаарга көчүп келүүнү каалаган 1000 адамга үй мүлкүн берүү каралууда. Шаар мэри жакын арада дагы 100 үй шаарга келип жашоону каалагандарга берилерин айткан. Турак жайлар көбүнчө балдары бар жаш үй-бүлөлөргө таратылары белгилүү болгон. Мындан тышкары, жаңы көчүп келген жашоочуларга администрация тарабынан 1 миң евро да берилет. Бирок шаардагы үйгө ээ болуп жашай тургандар адегенде мэрияга 5 миң евро күрөө берип, үйдү оңдоп-түзөөдөн өткөрүш керек. Оңдоп-түзөө иштери аяктагандан кийин акчасы кайра кайтарылып берилет", - деп жазылат маалыматта.