Иранда катуу жер титирөө катталды

Иранда күчү 5,9 баллга жеткен жер титирөө катталды. Кырсык 8-ноябрда жергиликтүү убакыт боюнча саат 02:17де болгон. Бул тууралуу ирандык басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, жер титирөө Азербайжан менен Армениянын чек арасынан анча алыс эмес аймакта орун алган. Жер титирөөнүн очогу Чыгыш Азербайжандын Табриз шаарынан 120 чакырым алыстыкта болгон. Азыркы учурдагы маалыматка караганда, кырсыктын кесепетинен 5тен ашык адам каза болуп, 120дан ашык адам жабыр тарткан.

Иран дүйнөдөгү активдүү сейсмикалык район катары эсептелинет. Буга чейин июль айында Хузестан провинциясында күчү 5,6 баллга жеткен жер титирөө катталып, ондогон адам жабыр тарткан. Акыркы 10 жыл ичинде көптөгөн адамдардын өмүрүн алган кырсык Иранда 1990-жылы катталган. Анда 40 миңге жакын адам каза болуп, 300 миң адам ар түрдүү жаракаттарды алган, ошондой эле жарым миллион адам үй-жайсыз калган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан