7-ноябрдын таңында АКШнын жашоочуларынын телефонуна 14-февраль - Сүйүшкөндөр күнүндө жазылган куттуктоолор келген. Бул катачылыкты компьютердик техникалар боюнча иш жүргүзгөн "The Verge" америкалык сайты байкаган.
Маалыматка ылайык, СМС билдирүү жөнөткөндөрдүн көпчүлүгү алардын билдирүүсү убагында дарегине жетпей калганын билишкен эмес. Мындай маселе андроид, Apple колдонуучуларында жаралган. Америкалык уюлдук операторлору азыркыга чейин катачылыктын так себебин ачыкташкан эмес. Sprint (телекоммуникациялык байланыш) 7-ноябрга караган түнү оператор жаңыланганын маалымдады.
Ал эми jamie аттуу колдонуучу мурунку сүйлөшкөн жигитине каты эми жетип, кызыктай абалда калганын жазса, Барбара Колл июнь айында каза тапкан апасы тууралуу эжесинен "Апамдын абалы жакшы. Өзүн жакшы сезип калды", - деген кат келгенин айтат.