Фин аралдарын "жумуртка" басты

Финляндияда Ботаникалык булуңдун жээгинде жумуртканын көлөмүндөй муздар пайда болгон. Фотограф Ристо Маттила Хайлуото фин аралындагы мындай кереметти сүрөткө тартып алган. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Муздардын түрүн иликтөөчү гляциологдордун айтымында, жумурткага окшош муздар аба ырайына байланыштуу жаралат. Шамалдын ылдамдыгы, багыты менен суунун, абанын табы, жээктеги кумдун көлөмү дал келиши керек. Муздак толкундар кумга урунуп, суу майда кумдарды каптап, дароо катат да, шар формасындагы муздарды пайда кылат. Ошондон улам жээк жумурткадай чоң муздарга толгон.

Мындай көрүнүш буга чейин Чикаго шаарына жакын Мичиган көлүнүн жээгинде, Орусиянын Надым районундагы Ныда айылында да катталган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
bessmertiy
2019-11-08 18:53:17
Сонун го көрұнүшү
+7
tatynam_88
2019-11-09 11:35:28
Курут го
0
katerina.li
2019-11-09 14:03:27
Керемет корунуш. Красивое явление природы.
0
AykaMer
2019-11-09 16:31:50
Таш баканын тукумундай го))))
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан