Тажик-Өзбек чек арасына кол салгандардын ичинде аялдар да бар болгон

Бет кап кийген 20 адамдан турган куралчан топ Тажик-Өзбек чек арасына чабуул жасаган. Бул окуя боюнча Тажик Республикасынын Ички иштер министрлиги кол салган адамдардын ким экенин аныкташканын чет элдик маалымат булактар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, "Ишкобод" аскердик бөлүмүнө кол салгандардын көбү аялдар. Алар Согдий облусунан чыккан жарандар болгон. Учурда Тажикстандын Башкы прокуратурасы "террорчулук", "адам өлтүрүү", "мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү" беренелери менен иш козгогон.

6-ноябрда түнкү саат 03:23 чамасында куралчан топ чек арадагы №4 "Ишкобод" аскердик бөлүмүнө чабуул жасаган. Чабуул Тажикстандын Рудаки районунда Дүйшөмбү шаарынан 60 километр алыстыкта, Өзбекстан чек арасына жакын аймакта болгону айтылган. Күч органдарынын кызматкерлери тарабынан куралчан топтун он беши өлтүрүлүп, бешөө кармалган. Ок атышуу учурунда бир чек ара аскери жана ИИМдин бир кызматкери каза болгон. Жалпы каза болгондордун саны он жети адамга жеткен. Тажикстандын ички иштер министри билдиргендей, кылмыш тобунун 4 унаасы жок кылынган.


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Aimani
2019-11-09 02:38:27
Аял деген атты булгаган акмактар. (эгер чын болсо)
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан