Акыркы стадиядагы баш мээнин залалдуу шишиги менен жабыркап, учурда бул илдет менен күрөшүп жаткан актриса Анастасия Заворотнюктун абалы жакшы боло баштады. Бул тууралуу продюсер Андрей Разин социалдык тармактагы баракчасына жазган.
Продюсердин айтымында, Заворотнюктун абалы тууралуу маалымат берип жүргөн адам дарыгер менен жолуккандан кийин актрисанын жакындары менен сүйлөшүүнү токтоткон.
"Эң жаман божомолдордун баары ишке аша бербейт. Мага келген СМС билдирүүлөрдөн баамдаганымдай, Анастасия айыгып келе жатыптыр. Биз анын эртерээк өзүнө келип, биздин катарыбызга кошулуусун тилеп жатабыз", - деген ал.
Анастасия Заворотнюк акыркы стадиядагы баш мээнин залалдуу шишиги менен жабыркап жатканы тууралуу айтылган. Ал Европадан келгенден кийин ден соолугу начарлап, Москвадагы ооруканалардын бирине жаткырылган.