Нур-Султан шаарынын бир бөлүгүндө 19 сааттан бери электр жарыгы жок. Абанын температурасы -8ден төмөн

Казакстандын Нур-Султан шаарынын бир бөлүгүнүн тургундары бир нече сааттан бери электр жарыгы, суусу жок отурганын айтып чыгышты.

Казак басылмалары "Левобережная" кичи станциясында авария болгондугун жазышты.

Белгилүү болгондой, аталган электр станциясындагы кырсык 10-ноябрга караган түнү саат 02:00 чамасында орун алган. Нур-Султан шаарынын акими Алтай Кульгинов учурда оңдоо иштери жүрүп жатканын маалымдады.

"Оңдоо иштери дароо башталып, ага 15 киши жана 6 техника тартылган. Кабелдерди калыбына келтирүү иштери жүрүп жатат. Мындан тышкары, 5 ыкчам топ иштеп жатат.
Азырынча мобилдик генераторлор коюлду. Түнгө чейин оңдоо иштерин бүтүрүү пландалган. Ал эми кырсыктын келип чыгуу себебин тийиштүү мамлекеттик мекеме иликтеп жатат", - дейт аким.

Азырынча канча турак үй, ишкана, мекемелер электр жарыгы жок калганы боюнча маалымат жок.

Ал эми синоптиктер 10-ноябрда Казакстанда аба ырайынын температурасы -8... -15 болорун маалымдаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
nursiyanur
2019-11-10 21:53:48
Сагындымго сени Астана
-10
Apyn8793
2019-11-10 22:17:12
Биздикине окшоп силер да соттогула "шефинерди" )))
+7
Chungyz
2019-11-10 23:30:45
шефине дух жетпейт
+6
Aimani
2019-11-11 00:42:15
Алар да жеп коюшса керек.
+2
Saidochka
2019-11-11 08:56:31
Байкуш ондогондорго эле кыйын болуптур,суукта муздак темирлердин ичинде журушот
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан