Боливиянын президенти отставкага кеткенин жарыялап, өлкөдөн качып кетти. Боливия өлкө башчысы Эво Моралес Айма "Эль-Альто" аэропортунан учуп кеткен. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жызып чыгышты.
Боливиянын президенти өлкөдөгү нааразычылыктардын саны көп болгондуктан кызматтан кеткен. Боливиянын куралдуу күчтөрүнүн жетекчиси Виллимас Калима маалымат жыйында президентти отставкага кетүүгө чакырган билдирүү жасаган. "Өлкөдөгү келишпестиктерди алдын алуу жана элдин коопсуздугун камсыздоо үчүн президент кызматтан кетиши керек. Биздин Боливиянын стабилдүүлүгүн сактоо үчүн өлкө башчынын президенттик мандатынан баш тартууну талап кылабыз", - деген ал.
22-октябрда өлкөдө баш аламандык башталган. Нааразычылык акциясынын катышуучулары бийликти президенттик шайлоодогу алдамчылыкка карата күнөөлөшкөн. Боливиянын шайлоо комиссиясынын маалыматына ылайык, 20-октябрда болгон шайлоодо Моралес 47,07 пайыз, ал эми анын негизги атаандашы Карлос Меса 36,51 пайыз добуш алган.
Эво Моралес Боливияны 2006-жылдын январь айынан бери башкарып келет. Бул жылы ал президенттикке 4-ирет тандалып алынган.