"Оскар" сыйлыгына 4 жолу көрсөтүлүп, 5-жолкусунда гана алган белгилүү америкалык актёр Леонардо Вильгельм Ди Каприо 1974-жылы 11-ноябрда АКШнын Калифорния штатындагы Лос-Анжелес шаарында туулган. Бой тартканда Ди Каприо Сидс университетинин алдындагы башталгыч мектептин актёрдук чеберчилик курсунда окуй баштаган. Кийин терең билим алуу үчүн Лос-Анжелеске жөнөйт. Ал жерде окутуучулар өткөн сабактарга гана канааттанып калбай, жандуу публикага чыгуу үчүн "The Mud People" авангарддык группасы менен Лос-Анжелеске гастролго чыккан. Сидс мектебин бүтүргөндөн кийин Лос-Фелиздеги Лео Жон Маршалдын мектебине тапшырып, ал жерде өзүнүн биринчи пьесасын ойногон.
Ди Каприонун карьерасы күндѳн-күнгѳ ѳсүп, 1991-жылы экранда анын катышуусу менен "Зубастики-3" деген аталыштагы биринчи кино жарык көргөн. Андан соң "Баланын тагдыры" фильминде башкы ролду аткарса, 1993-жылы швед режиссёру Ласс Халстром "Гилберт Грэйпти эмне тынчсыздандырат?" деген фильмине тартылган. Жарым акыл ѳспүрүмдүн ролун жогорку чеберчиликте аткаргандыгы үчүн ал алгачкы жолу "Оскар" жана "Алтын глобус" сыйлыктарына көрсөтүлгөн. Ал кезде Леонардо 19 гана жашта болгон.
Ди Каприо "Ромео + Джульетта", "Баскетболчунун күндөлүктөрү", "Титаник", "Кум жээк", "Нью-Йорктун бандалары", "Авиатор", "Каргыш тийгендердин аралы", "Башталыш", "Улуу Гэтсби", "Бошотулган Жанго", "Уолл-стриттен чыккан карышкыр" тасмаларына тартылып, атактуулугун арттырган.
2016-жылы февраль айында режиссёр Алехандро Гонсалестин "Аман калган" тасмасындагы ролу үчүн "Оскар" сыйлыгын алган. Ага чейин 1994-жылы “Гилберт Грейпти эмне тынчсыздандырат?” 2005-жылы “Авиатор”, 2007-жылы “Кандуу алмаз” жана 2014-жылы “Уолл-стриттен чыккан карышкыр” тасмаларындагы ролдору үчүн “Оскарга” талапкер болгон.
Леонардо Ди Каприо жана анын сүйүктүүсү Камила Морроненин өтө жакын мамиледе экендигин папараццичилер тартып алышкан. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты. Маалым болгондой, 44 жаштагы актёр 21 жаштагы модель кызга жакын арада баш кошору айтылууда. Түгөйлөрдүн мамилеси жаз айларында башталган.
11-ноябрдын жылнаамасы.