Москвада аял 2 баласы менен 9-кабаттан кулап, каза тапты

Бүгүн, 11-ноябрь күнү Москванын түндүк-чыгышындагы Бабушкин районунда аял эки баласы менен 9-кабаттан кулап, балдардын бири аман калып, бири аял менен кошо каза тапты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, каза тапкан аял 36 жаштагы Людмила Соколова болгон. Ал кырсык болорго чейин кызы тамак жебей, алсыз болуп жатканын айтып, "Тез жардамга" кайрылган. Аял менен кошо кулаган 9 айлык кызы кырсык болгон жерден каза тапкан, ал эми баласы аман калганы менен абалы оор. Полиция кызматкерлери аялдын үйүн тинтүү учурунда маркумдун "Виталикти (ред. жолдошу) камакка албагыла" деген акыркы катын жана өлүмдөн кийинки жашоо тууралуу жазган ырларын табышкан.

Күбөнүн айтымында, алгач 9 кабаттуу үйдүн астында жаткан кичинекей баланы көргөн, анын артынан улуусу кулаган. "Балдарды көрүп башымды көтөрсөм, 9-кабаттан аял кулап келе жатыптыр", - деген ал.

Маркумдун жолдошу алар кулаганда жумушта болуп, кырсык катталганда келген. Кырсык боюнча тергөө комитети өлтүрүү фактысы боюнча иш козгогон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Gulipa-Kalilova
2019-11-12 00:17:17
Эхххх
+1
Shaa-82
2019-11-12 12:35:48
Кок мээ десе олсон озун оло берда балдарды кошо ала жатпай((( Эххх балдарга гана боорум ооруду
+2
bema_bema
2019-11-12 15:32:44
Shaa-82,Ошону айтсаныз,кичинекей балдарда не куноо
0
ulua
2019-11-12 15:48:27
Айныган гана кок мээ!!!Балдар жашоого эми келсе,
0
kyrgyzstan00
2019-11-12 18:12:25
Менин районум го.Иий оорукчан го?....
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан