Ирактагы нааразычылык акциядан каза болгондордун саны 319га жетти

Ирактагы нааразычылык акциядан каза болгондордун саны 319га жетти, ал эми 15 миңдей адам ар түрдүү жаракаттарды алышкан. Акция Багдадда жана башка чыгыш шаарларында уланып жатат. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматта жазылгандай, өлкөдөгү баш аламандык октябрь айынын башында башталган. Анда эл электр жарыгы өчүрүлгөнүнөн жана суунун жетишсиздигине нааразычылыгын билдирип чыгышкан. Акциянын катышуучулары өкмөт имаратын, саясатчылардын кеңсесине кол салууда. Эл өлкөдө реформа жасоону, коррупциянын деңгээлин азайтууну, мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапатын жакшыртууну, иш орундарын көбөйтүүнү талап кылып жатышат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Jelezo
2019-11-12 10:27:05
Саддам Хусеин түштөрүнө кирип жатса керек
+10
murat17
2019-11-12 10:43:14
Саддам Хусейн эл учун эн соонун иштеген Америка оз саясаты менен аны жок кылды ошого дагы бир мисал Муамар Каддафи тушунда Ливия кандай соонун олко эле азыр кандай Аллахтын жазасы болсун Америка жана Россия, Кытай олколоруно
+11
yrmat88
2019-11-12 13:48:30
Бул дагы Бакиевтен кем калбаптыр да. Канча деген жаш балдарды майып кылып, адамдардын омурун кыйды. Канкор бакиев.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан