Бангладеште 2 күн ичинде "Булбул" циклонунун кесепетинен 26 адам көз жумду. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, катуу шамалдын кесепетинен жүздөгөн бак-дарактар кулап, адамдар каза болгон. Бир канча адамдар сууга чөгүп кеткен, үйлөр кыйроого учураган. Дагы 51 балыкчы дайынсыз болууда. Алар аба ырайынын бузулганына карабастан, деңизге чыгып кетишкен бойдон кара кайтып келишкен эмес. Өлкөдөгү жээкке жакын райондордо 3 миң гектар айдоо жерин суу каптап калган. Электр жарыгы, байланыш каржаттары зыянга учураган. Мындан сырткары, Бангладештин түштүгүндөгү 13 районунда 100 миңдеген турак үйлөр жабыр тарткан. Жамгырдын жааганынан балык өндүрүүчү жайга суу толуп калган.
Бангладештин өзгөчө кырдаалдар министри Энамур Рахмандын айтымына караганда, өкмөт жалпы 2 миллион 160 миң адамды коопсуз жайга эвакуациялаган.
Өткөн жуманын аягында тропикалык "Булбул" циклону Индиянын түндүк-чыгышындагы аба ырайына таасирин тийгизди. Ал жакта бул кырсыктын айынан 10 адам каза болуп, 60 миң турак жай толук кыйроого учураган.