Украинанын президенти Володимир Зеленскийдин жубайы мода журналынын башкы бетине тартылды

Украинанын президенти Володимир Зеленскийдин жубайы Елена Зеленскаянын сүрөтү белгилүү журналдын башкы бетине чыкты. Бул тууралуу украиналык басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматта жазылгандай, "Vogue" журналынын редактору өзүнүн Инстаграм баракчасына Украинанын биринчи айымынын 3 негизги сүрөтүн жарыялаган. Елена Зеленская декабрда жарыкка чыга турган журналга тартылган.

"Биз башкы каарманды ар түрдүү сапатта көрсөтүү үчүн 3 сүрөт жасадык. Биринчиси - расмий портрети. Экинчиси - Елена айым өзүнүн үй-бүлөсү жана жашоосундагы эң маанилүү адамдар курчап турган сүрөтү. Ал жерде Елена айым башкача бактылуу жана санаасыз көрүнөт. Үчүнчү digital-сүрөттө жөнөкөй, сулуу, эң сонун айымды көрөбүз", - деген редактор Филипп Власов.

Елена Зеленскаянын сүрөтүн голландиялык фотограф Пол Беллаарт тарткан. "Украинанын биринчи айымынын стили жалпысынан жашоодо кандай болсо, ошондой көрсөтүлгөн" деп кошумчалаган редактор.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
-adam
2019-11-13 22:41:04
Жашы откондой
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан