Тышкы иштер министрлиги: "Эркин Сопоков Айэркен Саймаити каза болгон жерде консулдук унаа кандайча болуп калгандыгы тууралуу түшүндүрмө бере алган эмес"

11-ноябрда Стамбул шаарында "Азаттыктын" иликтөөсүндө аты аталган Айэркен Саймаити киши колдуу каза болгон. Окуя болгон жерде Range Rover үлгүсүндөгү 34 CC 2902 консулдук номерлүү унаа болгон.

Бул окуядан улам Стамбулдагы Кыргыз өлкөсүнүн башкы консулу Эркин Сопоков бүгүн, 12-ноябрда кызматынан бошотулду. Тышкы иштер министрлиги Сопоков консулдук унаа окуя болгон жерде кандайча болуп калгандыгын түшүндүрүп бере алган жок деп билдирди.

"Эркин Сопоков башкы консул болуп 2017-жылдын 17-апрелинде дайындалган. Ушул күнгө чейин анын жумушун так аткарбагандыгы үчүн бир катар жазалар салынган. Алсак Сопоков жана башкы консулдун чарба башчы-айдоочусу И.С. Хавазов транспортту башкарууда бир катар жол эрежесин бузушкан. Бул боюнча Сопоковго сөгүш жарыяланып, Хавазов жумуштан бошотулган.

Ошондой эле Башкы прокуратура тарабынан Сопоковдун 2017-жылга карата Бирдиктүү салык декларациясын толтурбагандыгы анык болду. 2019-жылы октябрь айынын аягында Сопоков каттоодон чыгаруу процедурасын жана дипломаттык номерди кайтаруу боюнча эрежени бузуп, "Рамадан туризм" автосалонуна унааны сатуу үчүн өткөрүп берген. Сопоков Кытай жараны Саймаити өлтүрүлгөн жерде консулдук номерлүү унаа кандайча болуп калгандыгын түшүндүрүп бере алган жок.

Кызматтагы орой каталарды кетиргендигин эске алуу менен Тышкы иштер министрлиги президент Сооронбай Жээнбековго Эркин Сопоковду кызматтан алууну сунуштаган", - деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, Кылычбек Султан Кыргыз өлкөсүнүн Түштүк Кореядагы элчиси болуп турганда Тышкы иштер министрлигинин ишиндеги бир топ кемчиликтерди ачык айтып чыккан. Анын катарында элчиликке тиешеси жок адамдарга дипломатиялык автономерлер берилип кеткен фактылар, дипломатиялык паспорт, дипломатиялык карта, кеңсенин ижарасына байланыштуу коррупциялык иштер, кээ бир чиновниктердин чет өлкөдөгү жоруктары тууралуу элге жарыялаган. Атүгүл президент Сооронбай Жээнбековго мунун баарын жеткирүү далалаты ишке ашпай калган. Тескерисинче, Кылычбек Султан жогорудагы аракеттеринен кийин кызматтан алынып, куугунтукка кабылганы маалым.

Анын ичинен унаа тууралуу мурдагы элчи: «Машина элчиликке катталган, бирок андай автомобиль баланста жок болчу. Ошентип баасы 100 миң долларды чапчыган машинеге заказ беришип, аны чет өлкөдөн Малайзиянын чек арасында каттоодон өткөрүп алып келишип, дипмиссияга таандык деп катташыптыр. Машинаны алып киргенде төлөнө турган каражат, акциздик салык, ар бир жан башынан алынган салык, трансфер жана лицензиялык алымдардан бошотулган. Натыйжада элчиликтин мурдагы кызматкеринин аты-жөнү ачыкка чыкты. Машинага дипномер беришет, ошону менен катар айдоочу дайындоо боюнча буйруктун көчүрмөсү да табылды», - деп айтып берген.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан