Түркияда киши колдуу болгон Айэркен Саймаитиге Кыргыз жаранынын паспорту берилгени боюнча кылмыш иши ачылып, сотко өткөрүлгөн. Бул тууралуу бүгүн, 15-ноябрда "Республика - Ата Журт" фракциясынын жыйынында Башкы прокуратуранын өкүлү Жыргал Исмаилов билдирди.
"Мындан 1 жарым ай мурун Айэркен Саймаитиге мыйзамсыз Кыргыз жаранынын паспорту берилгени боюнча кылмыш иши ачылып, сотко өткөрүлгөн", - деди.
Ал эми ички иштер министринин орун басары Мирлан Каниметов: "Мыйзамсыз паспорт берилгени боюнча 36 факт кылмыш иши ачылган", - деди.