Айэркен Саймаити 1 миллион 250 миң доллардык карыз үчүн ажал тапканы, жалданма өлтүргүчтөр "иши" үчүн 1000 доллар алганы айтылууда

Түркиялык басылмалар Стамбулда атып өлтүрүлгөн ишкер Айэркен Саймаитинин өлүмү тууралуу жаңы версияларды жазып чыгышты. Түркиялык "Сабах" гезитинин берген маалыматына ылайык, өлтүрүүгө шектелип кармалган Хусейин Ахметалиев жана Абдуллах Энвер (ред. түркиялык басылмалар аларды Кыргыз жарандары деп көрсөтүүдө) сурак учурунда 1 миллион 250 миң доллар карызы үчүн өлтүрүшкөнүн айткан.

Ал эми Е24 сайты жалданма өлтүргүчтөрдүн "кызматы" 1000 долларга бааланганын маалымдаган. Ошондой эле кылмышка шектүүлөрдүн Сириядагы чырлуу аймак менен байланышы бар экендиги, алар "Аль-Нусра" тобунун Идлибде согушкан чет элдик согушкерлеринен болгондугу айтылган.

Макаланын аягында Ахметалиев менен Энвердин 2017-2018-жылдары Сирия тараптан Түркиянын аймагына киргендигин аныктаган документтердин сүрөтүн тиркешкен.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Kyrgyz_bloger
2019-11-14 18:09:57
Булар кыргыз жарандары эмес болуш керек,буларга кыргыз паспортун сатышы мумкун,кебетеси ото эле башкача,бизде озу паспортту кыргыз тилин билгендерге гана бериш керек да,бул иште коп нерсе сыр болуп жаткандай ушундай миллионерди мин долларга олтурбойт андай арзан алкаштар эле кылат да.
+7
ilgizk
2019-11-14 20:02:54
1000 $ үстүнө 10 миң $ берип ошол заказ берген адамды өлтүр дебептир эле да ...
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан