"Лукойл" компаниясынын башкы энергетиги өзбек жумушчуларын кемсинтти (видео)

Орусиялык "Лукойл" компаниясынын кызматкери өзбек жумушчуларын кемсинтти. Бул тууралуу өзбек басылмалары жазышты. Анда, аталган компанияда башкы энергетик болуп эмгектенген Иван Шилов Өзбекстандагы газ даярдоочу комплекстин жумушчуларынын жасаган иштерине нааразы болуп сөгүнгөн, кемсинткен сөздөрдү айткан.

"Лукойл" компаниясынын кызматкери жумушчуларга кыйкырып жаткандагы видео социалдык тармактарга тарап кеткен. Видеотасмада Иван Шилов сөгүнгөн сөздөрдү айтып, соңунда жумушчуларды "топтошкон малдар" деп атаган. Бул адам "Лукойл Өзбекстан Оперейтинг Компаниде" башкы энергетик болуп иштейт", - деп айтылат маалыматта.

Орусиялык "Лукойл" компаниясынын кызматкери өзбек жумушчуларын кемсинтти
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
gute
2019-11-12 18:45:55
Кемсинтти деп жазганынар туура эмес!
Туура хитрыйланып эптеп убакыт откоруштун айласын кылып жакшы иштешпей жатса любой руководство согот !
+8
bessmertiy
2019-11-12 19:18:18
Ишти кылбаса, эптеп эле жасамыш болуп койсо топтошкон малдар деп сөкпөй анан эмне бешенесинен сылап, мактап, сыйлык берсинби?
+4
Maksat85
2019-11-12 21:42:07
Эч кандай согуп кемсинткенге акысы жок эгерде жумушчулар оз иштерин аткарбаса жумуштан алсын,же выговор кылсын бирок кимдир бироону кемсинтип сокконго акысы жок
-3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан