Кытайдын жашоочусу бала бакчага кирип барып, наристелерге химиялык затты чачып жиберген

Кытайдын Юньнань провинциясынын Кайюань шаарындагы бала бакчага белгисиз жаран кирип, балдарга химиялык затты чачып жибергени маалым болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, 23 жаштагы Конг аттуу жаран бала бакчага кирип, балдарга, тарбиячыларга натрий кычкылын чачып салган. Натыйжада 54 адам жабыр тарткан, анын 51и балдар болгон. Окуядан бир саат өтпөй, полиция бала бакчадан алыс эмес жерден кылмышка шектүүнү кармаган. Териштирүү учурунда анын химиялык затты интернет аркылуу сатып алып, өзү жасаганы белгилүү болгон. Бул жоругун ал коомдон өч алуусу катары түшүндүргөн.

Ушуга окшогон окуя Кытайда 2018-жылы да катталган. Анда 39 жаштагы аял бала бакчадагы балдарды бычактап, андан 14 бала жабыр тарткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Chungyz
2019-11-12 17:57:14
олдун эми
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан