WhatsApp`та шек жараткан группадагылар түбөлүккө блоктолот

WhatsApp тиркемесинин администрациясы шектүү аталыштагы группадагы колдонуучуларды түбөлүккө блокко киргизүүдө. Акыркы апта ичинде бул темада арыздангандар көбөйгөнүн чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Биринчилерден болуп түбөлүк блокко түшкөн колдонуучу кантип кара тизмеге киргенин түшүндүрдү. Анын досу тамаша иретинде университеттеги группаны "Балдардын порнографиясы" деп өзгөрткөндө, группадагы колдонуучулардын баары блокко түшкөн. Ошондой эле 100 колдонуучусу бар группадагы окуучулардын да блоктолгону маалым болгон. Аларга сервистин эрежелерин бузганы үчүн кара тизмеге киргизилгенин администрациядан айтышкан. Бирок кандай эреже бузуу болгону такталган эмес. Кара тизмеге киргенден кийин аккаунтту кайра калыбына келтирүү мүмкүн эмес. Бир гана жолу бар, жаңы номер менен кайра катталуу керек.

Мындай жагымсыз кырдаалга кабылбаш үчүн мындан кийин группага жоопкерлер колдонуучуларды жакшы көзөмөлдөп туруусу керек болот.

WhatsApp мындай группаларды кантип аныктарын, аталышы шектүү экенин эмнеге таяп чыгарары белгисиз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Azat.1996
2019-11-13 01:04:34
Ошондо биз эмне кылышыбыз керек? Тап такыр группасы жок эле жашасакчы, эч нерсе болбойбу????
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан