Депутат: "Өлкөдө кылмыштуулук өсүп, Сицилияга окшошуп баратат"

"Кылмыштуулук өсүп, биздин өлкө 1950-жылдагы Сицилияга окшошуп баратат" деп бүгүн, 13-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында Алмамбет Шыкмаматов билдирди.

"Өлкөдө кылмыштуулук өсүп жатат. Мына жакында эле "Мадина" базарындагы бизнесмен өлтүрүлдү, дагы биринин жансыз денеси аэропорттон унаадан табылды. Кечээ киши колдуу болгон Айэркен Саймаити дипломатиялык номуру бар унаа айдап жүрөт. Эртең Орусияда Азиз Батукаев дипломатиялык номур менен жүрсө, анда да унчукпай коёбузбу?", - деди ал.

Депутат Дастан Бекешев: "Кыргыз өлкөсүнүн Стамбулдагы башкы консулу Эркин Сопоков боюнча да кечээ угуп жатабыз. Эмнеге ал тууралуу маалыматтар буга чейин президентке жеткен эмес. Бул резонанстуу иштер, каржы полиция жана башка тиешелүү мекемелердин жетекчилерин чакыруу керек. Биз унчукпай отурсак, бул маселени эл көтөрөт", - деди.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан