Депутат Төрөбай Зулпукаровдун Стамбулда киши колдуу болгон Айэркен Саймаити жана бул окуяга байланыштуу кызматтан бошотулган Эркин Сопоков менен кандай байланышы бар? УКМКдан кылмыш иши козголгондон кийин жумуштан алынган мурдагы консулдун уулу Азамат Мамасалиев кантип депутаттын жардамчысы болуп калган? Эмне үчүн Стамбулдагы окуялардан кийин ал дагы фракциянын катчылыгынан кетүүгө арыз жазды? Бул жана башка суроолорго Зулпукаров жооп берди. Бул тууралуу бүгүн, 19-ноябрда социалдык тармакка жарыяланды.
"Эркин Сопоковдун уулу Азамат Мамасалиев тууралуу маалыматка кызыгып көрдүм. Мурда кылмыш иши козголгон экен. УКМКда иштептир, ал жерден кеткендиги боюнча маалыматка кызыгып көрсөм, ал соттун чечими жок, өз каалоосу менен кеткен экен. Эгер соттун чечим жок болсо, бир адамды кылмышкер деп эсептөөгө журналисттин, депутаттын, мамлекеттик кызматкердин же жөнөкөй жарандын дагы укугу жок. Ошондуктан эгерде соттуулугу жок болсо, ар бир жаран кайсы бир мамлекеттик органда иштегенге толук укугу бар.
Бул биринчиден, аны биз кетирген жокпуз. Билишимче, ал өз арызы менен кетиптир. Бул тууралуу кийин угуп жатабыз. Эмне үчүн дегенде анын атасынын үстүнөн туура эмес маалыматтар массалык маалымат каржаттарына чыгып кеткен. Андан кийин мен сүйлөшкөн жокмун. Чакырып сурап коюш керек. Өзү биздин катчылыкта юрист-консультант жана менин жардамчым болуп иштеп жүргөндө эч бир учурда сөгүш же жумушка карата жаза алган эмес. Ошондуктан атасынын окуясынан кийин өзү эле кетти окшойт.
Мен Эркин Сопоковду тааныйм. Ал жогоруда айтылгандай менин кесиптешим Эгемберди Эрматовдун күйөө баласы болгон. Аэркен Саймаити деген кишини мен өмүр бою көргөн эмес экенмин. Ал киши өзү Кыргыз мамлекетинде дагы анча-мынча ишкерлик кылып жүргөнүн маалымат каражаттарынан окуп калганбыз. Акыркы күндөрү бул киши жөнүндө маалымат каражаттарында өтө көп нерселер айтыла баштады. Ошондо анын аты абдан популярдуу болду.
Мындан улам биз дагы эл катары маалымат каражаттары аркылуу билдик. Эркин Сопоковду Эгемберди Эрматовдун көзү өткөндөн кийин мен тааныбайм деп койсом туура эмес болуп калат, бул жигитчиликке жатпайт. Ошондуктан аны менен тааныштыгым бар. Ал кишинин бир эле күйөө баласы менен эмес, балдары, жубайы менен байланышты үзгөн эмесмин. Көзү өткөндөн кийин дагы байланышты үзбөйм деп ойлойм. Анткени Эгемберди Эрматов устат, жакшы инсан катары жүрөгүмдө жашаган инсан.
Ал эми Саймаитинин окуясы Кыргыз мамлекетине сөзсүз шек келтирди. Бул жерде эч кандай имиджге доо кетирген жок десек туура эмес болуп калат. Ким болбосун тартип бузса, мыйзам чегинде жооп бериши керек ", - деп жооп берди ал.