Бүгүн, 25-ноябрда Жогорку Кеңеште Түркияда киши колдуу каза болгон Айэркен Саймаити боюнча маалыматтарды иликтөө үчүн түзүлгөн депутаттык комиссиянын алгачкы отуруму болуп өттү. Жыйын жабык түрдө өттү.
Анда комиссиянын төрагасы болуп Талант Мамытов шайланды. Алмазбек Эргешов SUPER.KG порталына билдиргендей, "Бир Бол" фракциясынын лидери Алтынбек Сулайманов бул иште анын аты аталып калган үчүн комиссиядан чыга турганын жарыялаган. "Бир Бол" фракциясы комиссияга мүчө катары башка депутатты сунуштай турган болду.
Буга чейин депутат Искендер Матраимов дагы комиссиянын курамынан чыга турганын жарыялаган. Бүгүнкү жыйында эки депутат комиссиянын курамынан чыгарылды.
Комиссиянын учурдагы курамы: КСДПдан Өмүрбек Бакиров, Аалы Карашев, Сайдолимжон Жураев, "Республика-Ата Журт" фракциясынан Мирлан Жээнчороев, Закир Шарапов, Талант Мамытов, "Кыргызстан" фракциясынан Данияр Төлөнөв, Алмазбек Эргешев, "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынан Тынчтыкбек Шайназаров, "Ата Мекен" фракциясынан Алмамбет Шыкмаматов.