Facebook өзүнүн Facebook Pay төлөм системин ишке киргизди

Facebook өзүнүн жеке Facebook Pay деп аталган төлөм системи ишке киргендигин жарыялады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты. Системдин жардамы менен Facebook, Messenger, Instagram и WhatsApp платформаларында соода кылууга болот.

"Колдонуучулар өздөрүнө ыңгайлуу төлөм жүргүзүү ыкмасын тандап алып, ар дайым төлөм жөнүндөгү маалыматты терип убара болбой, аны системге сактап коё алышат", - деп айтылат компаниянын маалыматында.

Систем кредиттик жана дебиттик карталар жана PayPal менен да иш алып баруусу күтүлүүдө. Facebook Payди бардык платформада же бирөөсүндө иштей турган кылып тууралап коюуга болот. Колдонуучуларда төлөмдөрдүн тарыхын текшерүү мүмкүнчүлүгү да бар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
don_quixote
2019-11-13 12:38:41
Систем. Пффф
-2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан