Африкада пилдер массалык түрдө кырылууда

Африкада пилдер массалык түрдө кырылууда. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Зимбабведе акыркы 3 ай ичинде ачкачылыктан жана кургакчылыктан 105 пил өлгөн. Бул аймакта аба ырайынын шарттары өсүмдүктөрдүн, жаныбарлардын, ошондой эле адамдардын да өмүрүнө коркунуч жаратууда. Улуттук Хванге сейил багынан тартылып алган видеодо көрүнгөндөй, чоң жана жаш пилдердин өлүп, жерде жатканын көрүүгө болот. Алар арык эле болбостон, терисинин өңү да бир аз өзгөрүп кеткен.

Зимбабведеги сейил бактарды жана жапайы табиятты көзөмөлдөө башкармалыгынын башчысы Тинаше Фаравонун айтымында, пилдердин массалык түрдө кырылуусуна бир гана кургакчылык эле эмес, жаныбарлардын көптүгү да себеп болууда. "Бүгүнкү күндөгү көйгөй сейил бактагы жаныбарлардын көптүгүнөн улам болууда. Бул сейил бак 1930-жылы курулган, ал 15 миңге жакын жаныбарларга ылайыкташкан. Бирок бүгүнкү күндө 45-50 миңге жакын жаныбарларды тейлеп жатат", - деген ал. Анын айтымында, сейил бактын кызматкерлери кургакчылыктын кесепетин бир аз азайтуу үчүн суу издөө иштерин жүргүзүшүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
aiba.8327
2019-11-13 15:38:06
Даа убагында адамдарда ушушдай болуп кырылсак керек....
-3
monok2001
2019-11-13 16:25:30
aiba.8327,оозуна котогум
+7
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан